# 327-статья. Күрөө алуучунун укуктары колдонулуучу мүлк

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.07.2016 [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396); 30.03.2009 [Закон КР от 30 марта 2009 года № 96 "О внесении изменений и дополнения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203129); 28.02.2007 [Закон КР от 28 февраля 2007 года № 28 "О внесении дополнения и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202062); 21.07.1999 [Закон КР от 21 июля 1999 года № 83 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/246)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263338..1263340>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-327>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-327.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 327-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-327

---

1. Күрөө предмети болгон буюмга карата күрөө алуучунун укуктары (күрөө укуктары), эгерде келишимде башка белгиленбесе, ал буюмга таандык шаймандарга карата да колдонулат.

Эгер келишимде башкача каралбаса, күрөө укугу күрөөгө коюлган мүлктү пайдалануудан алынган натыйжаларга, продукцияга жана кирешелерге таркалат.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, мүлк комплекси катары ишкана күрөөгө коюлганда күрөөгө коюу укугу анын курамына кирген бардык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө, материалдык жана материалдык эмес активдерге, имараттарга, курулмаларга, жабдууларга, шаймандарга, чийки заттарга, даяр продукцияга, талап кылуу укуктарына, бөтөнчө укуктарга, анын ичинде күрөөгө коюлган мезгилде ээ болгон укуктарга жайылтылат.

3. Күрөөгө коюу келишими боюнча күрөө предмети болуп эсептелбеген имараттар, курулмалар же турак жай курулуштары жайгашкан жер участогун күрөөгө койгондо бул объекттер ээлеп турган жердин бир бөлүгү жана пайдаланууга зарыл болгон жер участогунун бир бөлүгү өзалдынча жер участогуна бөлүнүүгө тийиш.

Имаратты, курулманы же турак жай курулушун күрөөгө койгондо күрөөгө коюу укугу ушул объекттер жайгашкан жер участогуна жана пайдалануу үчүн зарыл болгон жер участогунун бир бөлүгүнө жайылтылат. Бул учурда калган жер участогуна күрөөгө коюу жайылбайт.

4. Күрөө жөнүндөгү келишимде, ал эми мыйзамдын негизинде келип чыккан күрөөгө карата - мыйзамда күрөөнүн күрөө берүүчүнүн келечекте алуучу буюмдарына жана укуктарына карата да колдонуу белгилениши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 Мыйзамынын, 2007-жылдын 28-февралындагы № 28, 2009-жылдын 30-мартындагы № 96, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [326-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-326)  
Кийинки берене: [328-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-328)
