# 324-статья. Күрөө түшүнүгү жана анын пайда болуу себептери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.07.2016 [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396); 28.02.2007 [Закон КР от 28 февраля 2007 года № 28 "О внесении дополнения и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202062); 21.07.1999 [Закон КР от 21 июля 1999 года № 83 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/246)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263338..1263340>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-324>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-324.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 324-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-324

---

1. Күрөөгө ылайык күрөө менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча кредитор (күрөө ээси) карызкор тарабынан бул милдеттенме аткарылбай калган, тиешелүү түрдө аткарылбай калган учурда ал мүлк таандык болгон жактын (күрөө берүүчүнүн) башка кредиторлоруна караганда күрөөгө коюлган мүлктүн наркынан, мыйзамда белгиленген чыгарып салуулардан кийин, канаттандыруу алуунун артыкчылыктуу укугуна ээ болот.

Күрөө алуучу ошол эле негизде күрөөгө коюлган мүлктүн кимдин пайдасына камсыздандырылгандыгына карабастан, эгерде күрөө кармоочу жоопкер болгон себептерден улам гана мүлк жоготулуп же бузулуп калбаса, камсыздандыруу кайтарымынан канааттандыруу алууга укуктуу.

2. Күрөө келишимден улам же мыйзамдын негизинде келип чыгат.

Ушул Кодекстин келишимден улам келип чыккан күрөө жөнүндө эрежелери, мыйзамдын негизинде келип чыккан күрөөгө карата да колдонулат. Ушул Кодекс менен жөнгө салынбаган күрөөгө тийиштүү укуктук мамилелер күрөө жөнүндө мыйзамдар, ошондой эле жер мыйзамдары менен жөнгө салынат.

3. (КР КР 2016-жылдын 15-июлундагы № 117 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 2007-жылдын 28-февралындагы № 28, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [323-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-323)  
Кийинки берене: [325-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-325)
