# 319-статья. Милдеттенмени камсыздоонун ыкмалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-319>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-319.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 319-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-319

---

1. Милдеттенмени аткаруу айып төлөм, күрөө, карызкордун мүлкүн кармап калуу, кепилдик, гарантия, насыя акы жана мыйзамда же келишимде каралган башка ыкмалар менен камсыздалынышы мүмкүн.

2. Милдеттенмени камсыздоо жөнүндө макулдашуунун жараксыздыгы бул милдеттенменин (негизги милдеттенменин) жараксыздыгына алып келбейт.

3. Негизги милдеттенменин жараксыздыгы аны камсыз кылуучу милдеттенменин жараксыз болушуна алып келет.

§ 2. Айып төлөм

---

Мурунку берене: [318-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-318)  
Кийинки берене: [320-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-320)
