# 316-статья. Кредитордун талап кылууну башка жакка берүүсүнүн шарттары жана формасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 июня 2018 года № 61 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О залоге")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111794)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263346..1263349>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-316>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-316.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 316-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-316

---

1. Мыйзамга же келишимге карама-каршы келбесе, кредитордун талапты башка жакка беришине жол берилет.

2. Карызкордун макулдугусуз кредитордун керт башы карызкор үчүн маанилүү болгон милдеттенмелер боюнча талап кылууну башка жакка берүүгө болбойт.

3. Талап кылууну башка жакка берген кредитор, ордердик баалуу кагаз боюнча индоссамент учурларын кошпогондо, ага талап кылуу укугун күбөлөндүргөн документтерди өткөрүп берүүгө жана талапты орундатуу үчүн мааниге ээ болгон маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү.

4. Талап кылууну башка жакка берген алгачкы кредитор жаңы кредитордун алдында ага берилген талаптын жараксыздыгы үчүн жооп берет, бирок алгачкы кредитор карызкор үчүн жаңы кредитордун алдында кепил болбогондон башка учурларда, ал талаптын аткарылбагандыгы үчүн жооп бербейт.

5. Кат жүзүндө түзүлгөн (жөнөкөй же нотариалдык) бүтүмгө негизделген талап кылуу укугу тиешелүү түрдө ошондой формада бүткөрүлүшү керек.

Мамлекеттик каттоону талап кылуучу бүтүм боюнча талап кылуунун берилиши ушундай бүтүмдү каттоо үчүн белгиленген тартипте катталууга тийиш. Ордердик баалуу кагаз боюнча талап кылуунун берилиши ушул баалуу кагаздагы индоссамент түрүндө жүргүзүлөт. (КР 2018-жылдын 21-июнундагы № 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [315-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-315)  
Кийинки берене: [317-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-317)
