# 315-статья. Кредитордун укуктарынын башка жакка өтүшүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-315>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-315.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 315-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-315

---

1. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача белгиленбесе, кредитордун укуктарынын башка жакка өтүшү үчүн, карызкордун макулдугу талап кылынбайт.

2. Эгерде карызкорго кредитордун укуктарынын башка жакка өткөндүгү жөнүндө кат жүзүндө билдирбесе, анда жаңы кредитор ушундан улам пайда болгон жагымсыз натыйжаларга тобокел кылган болот. Мындай учурда милдеттенменин мурдагы кредиторго карата аткарылышы тиешелүү кредитор тарабынан аткарылат деп таанылат.

3. Кредитордун керт башына тике байланыштуу укуктардын, атап айтканда, алимент жөнүндөгү жана өмүргө же ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү укуктардын башка жакка өтүшүнө жол берилбейт.

4. Эгерде мыйзамда же келишимде башкача белгиленбесе, алгачкы кредитордун укуктары жаңы кредиторго укук өтүп жаткан учурдагы көлөмүндө жана ошол эле шартта өтөт. Атап айтканда, жаңы кредиторго милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуучу укуктар, ошондой эле укукту талап кылууга байланыштуу укуктар, анын ичинде төлөнбөгөн проценттерге карата укуктар өтөт.

5. Кредитордун укуктарынын башка жакка өтүү тартиби регресстик талаптарга карата колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [314-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-314)  
Кийинки берене: [316-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-316)
