# 313-статья. Чогуу жоопкерчиликтеги карызкордун милдеттери. Чогуу жоопкерчиликтеги кредитордун укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-313>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-313.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 313-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-313

---

1. Карызкорлордун чогуу милдеттүүлүгүндө кредитор бардык карызкорлордон чогуусу менен, ошондой эле алардын жекече кимисинен болсо да карызды толугу менен да, ошондой эле анын бир бөлүгүн да аткарууну талап кылууга укуктуу.

2. Чогуу карызкорлордун биринен канааттануу албаган кредитор карыэынын албай калган бөлүгүн башка чогуу карызкорлордон талап кылууга укуктуу.

Чогуу карызкорлор милдеттенмеси толугу менен аткарылмайынча милдеттүү бойдон кала берет.

3. Милдеттенме чогуу болгон учурда карызкор кредитордун башка карызкорлор менен өзү катышпаган мамилесине негизделген талаптарына карата каршылык көрсөтүүгө укугу жок.

4. Чогуу милдеттенменин бир эле карызкор тарабынан аткарылышы кредитордун астындагы милдеттенмеден калган карызкорлорду бошотот.

5. Эгерде чогуу карызкорлордун ортосундагы мамилелерден башкасы келип чыкпаса анда:

1) чогуу милдеттенмени аткарган карызкор карыздын өзүнө тиешелүүсүнөн калган бөлүгүн башка карызкорлордон бирдей үлүштө талап кылууга укуктуу;

2) чогуу милдеттенмени аткарган карызкорго тең карызкорлордун бири төлөбөй калган бөлүгү ошол карызкорго жана башка тең карызкорлорго да бирдей үлүштө туура келет.

6. Ушул статьянын жоболору тиешелүү түрдө чогуу милдеттенме карызкорлордун биринин каршы талабы боюнча тындырылган учурда да колдонулат.

---

Мурунку берене: [312-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-312)  
Кийинки берене: [314-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-314)
