# 310-статья. Карызды депозитке коюу менен милдеттенмени аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-310>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-310.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 310-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-310

---

1. Карызкор милдеттенмесин төмөнкү учурларда аткара албаса:

милдеттенме аткарылууга тийиш болгон жерде кредитор же ыйгарым укук берилген аткарууну кабыл алуучу жак болбогондо; кредитор аракетке жөндөмсүз болгондо жана анын өкүлү болбогондо; милдеттенме боюнча ким кредитор болуп санала тургандыгы жагында айкындыктын жоктугу айгине болгондо, атап айтканда, кредитор менен башка жактардын ортосунда бул туурасындагы талаш-тартыш боюнча; кредитор аткарууну кабыл алуудан баш тартканда же ал тараптан аны аткаруу кийинкиге калтырылганда ал өзүнө тиешелүү акчаны же баалуу кагаздарды нотариустун депозитине, ал эми мыйзамда белгиленген учурларда - соттун депозитине коюуга акылуу.

2. Акча суммасын же баалуу кагазды нотариустун же соттун депозитине коюу милдеттенменин аткарылышы катары эсептелет.

Депозитине акча же баалуу кагаз коюлган нотариус же сот бул туурасында кредиторго билдирет.

---

Мурунку берене: [309-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-309)  
Кийинки берене: [311-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-311)
