# 307-статья. Акчалай милдеттенменин валютасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 ноября 1999 года № 131 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/294)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263290..1263291>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-307>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-307.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 307-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-307

---

1. Акчалай милдеттенме улуттук валютада көрсөтүлүүгө же төлөнүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын аймагында акчалай милдеттенме боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө чет өлкөлүк валютаны, ошондой эле чет өлкөлүк валютадагы төлөм документтерин пайдаланууга мыйзамда белгиленген учурда жана тартипте жол берилет.

2. Акчалай милдеттенмеде ал улуттук валюта менен чет өлкөлүк валютада аныкталган суммага теңдеш суммада төлөнүүгө тийиш экендиги каралышы мүмкүн. Мындай болгон учурда улуттук валютада төлөнүүгө тийиш болгон сумма тиешелүү валютанын официалдуу курсу боюнча же мыйзам актысы же

тараптардын макулдашуусу менен башка курс же аны аныктоонун башка датасы белгиленбеген болсо, төлөм күнүндө аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [306-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-306)  
Кийинки берене: [308-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-308)
