# 306-статья. Милдеттенмени аткаруу орду

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-306>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-306.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 306-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-306

---

Эгерде милдеттенмени аткаруу орду мыйзам же келишим менен аныкталбаса жана ал кадимки ишкердиктен, жергиликтүү үрп-адат жана каада-салттан же милдеттенменин маңызынан белгилүү болбосо, аны аткаруу:

1) милдеттенме боюнча кыймылсыз мүлктү өткөрүп берүү - мүлк турган жерде;

2) милдеттенме боюнча товарды же башка мүлктү аларды ташуучуга өткөрүп берүү - кредиторго жеткирүү үчүн биринчи жүк ташуучуга мүлктү тапшырган жерде;

3) карызкордун башка милдеттенмеси боюнча товар же башка мүлктү өткөрүп берүү - эгерде милдеттенме пайда болгон учурда ал жер кредиторго белгилүү болсо, анда мүлк даярдалган же сакталган жерде;

4) акчалай милдеттенме боюнча - милдеттенме пайда болгон учурда кредитор жашаган жерде, ал эми кредитор юридикалык жак болуп саналса милдеттенме пайда болгон учурда ал турган жерде; эгерде милдеттенмени аткарууга карата кредитор жашаган жерин же турган жерин өзгөртүп жана ал туурасында карызкорго билдирсе - анда аткаруу боло турган жерин өзгөртүүгө байланыштуу бардык чыгымдарды кредитордун эсебине кошуу менен кредитор жашаган же турган жаңы жерде;

5) бардык башка милдеттенмелер боюнча - карызкор жашаган жерде, эгерде карыскор юридикалык жак болсо - ал турган жерде жүргүзүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [305-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-305)  
Кийинки берене: [307-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-307)
