# 305-статья. Милдеттенмени аткаруу мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-305>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-305.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 305-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-305

---

1. Эгерде милдеттенме аны аткаруу күнүн же ал аткарылууга тийиш болгон мезгилди аныктоону караса же ага мүмкүнчүлүк берсе, милдеттенме ошол күнү же ошол мезгилдин ичиндеги тиешелүү учурда аткарылууга тийиш.

2. Эгерде милдеттенме аны аткаруу мөөнөтүн карабаса же ал мөөнөттү аныктоого мүмкүнчүлүк берген шарттан турбаса, анда ал милдеттенме пайда болгондон кийин жеткиликтүү мөөнөттө аткарылууга тийиш.

Аткаруу мөөнөтү талап кылынган учур менен аныкталган милдеттенме сыяктуу эле жеткиликтүү мөөнөттө аткарылбаган милдеттенмени, эгерде милдеттенмени башка мөөнөттө аткаруу мыйзамдан, милдеттенменин шартынан, ишкердик карым-катнаштын каада-салттарынан же келишимдин маңызынан келип чыкпаса, карызкор аны аткаруу жөнүндө кредитор талап койгон күндөн баштап жети күндүк мөөнөттүн ичинде аткарууга милдеттүү.

3. Эгерде мыйзамда же милдеттенменин шартында башкача каралбаса же келишимдин маңызынан келип чыкпаса, карызкор милдеттенмени мөөнөтүнө чейин аткарууга укуктуу. Бирок, ээлик кылуу иши менен байланышкан милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткарууга милдеттенмени аткаруу мүмкүнчүлүгү мыйзамда же милдеттенменин шартында каралса же болбосо ишкердик карым-катнаштын каада-салттарынан же милдеттенменин маңызынан келип чыккан учурларда гана жол берилет.

---

Мурунку берене: [304-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-304)  
Кийинки берене: [306-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-306)
