# 3-статья. Граждандык мыйзамдардын убакытта колдонушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 3-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-3

---

1. Граждандык мыйзам актылары өткөн мезгилге карата колдонулбайт жана ал колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан мамилелерге карата колдонулат.

Мыйзам колдонууга киргизилгенге чейин пайда болгон мамилелерге карата анын күчү мыйзамда түздөн-түз каралган учурларда гана колдонулат.

2. Граждандык мыйзам актысы колдонууга киргизилгенге чейин тараптардын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча мамилелерден башка учурларда, граждандык мыйзам актысы колдонууга киргизилгенге чейин келип чыккан мамилелер боюнча ал колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан укуктарга жана милдеттерге карата колдонулат.

Эгерде келишим түзүлгөндөн кийин келишим түзүү учурунда колдонулгандан башка, тараптар үчүн милдеттүү болгон эрежелерди белгилеген мыйзам кабыл алынса, мыйзамда анын күчү мурда түзүлгөн келишимдерден келип чыгуучу мамилелерге жайылтыла тургандыгы белгиленгенден башка учурларда, түзүлгөн келишимдин шарттары күчүн сактап калат.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-4)
