# 297-статья. Милдеттенменин пайда болушунун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-297>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-297.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 297-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-297

---

Милдеттенме:

1) келишимден улам;

2) илимий, адабий, көркөм өнөр чыгармаларын жаратуунун, интеллектуалдык иштин натыйжаларына жана башкаларга ээ болуудан улам;

3) башка жакка зыян келтирүүнүн кесепетинен;

4) өлгөн граждандын мүлкүн мурастап алуудан;

5) ушул Кодекстин 7-статьясында көрсөтүлгөн башка негиздерден келип чыгат.

---

Мурунку берене: [296-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-296)  
Кийинки берене: [298-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-298)
