# 291-статья. Ак ниеттүү алуучу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 15-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 252 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики и Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203200)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263318..1263319>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-291>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-291.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 291-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-291

---

1. Эгерде мүлк аны бирөөгө сатууга же берүүгө укугу жок жактан акы төлөө менен алынса, бул жөнүндө сатып алуучу билбесе же билиши мүмкүн эмес болсо (ак ниеттүү сатып алуучу болсо), алгачкы менчик ээси алуучудан бул мүлктү менчик ээси же ал ээлик кылууга берген жак жоготуп койгон, же болбосо экөөнүн биринен уурдалып кеткен, же болбосо алардын эркинен тышкары алардын ээлигинен башка жолдор менен чыгарылып кеткен учурларда гана бул мүлктү талап кылууга укуктуу.

2. Ак ниеттүү алуучу акы төлөнгөн бүтүм боюнча алган мүлк алгачкы менчик ээсинин же ал ээлик кылууга берген жактын ээлигинен ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген негиздер боюнча чыккандыгы мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы менен аныкталмайынча ак ниеттүү сатып алуучу мүлктүн менчик ээси болуп саналат.

Мүлктүн алгачкы менчик ээсинин аны ак ниеттүү алуучудан кайра берүүнү талап кылуу үчүн негиздери жок болгон учурларда, мындай алгачкы менчик ээси өзүнө келген зыянды ушул мүлктү укукка сыйбаган жол менен башка бирөөгө берген жактан төлөтүп алуу үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

3. Мүлктү башка бирөөгө берүүгө укугу жок жактан мүлктү акы төлөбөстөн алган жак ак ниеттүү сатып алуучу болуп эсептелбейт.

4. Алуучу жакка арналган акчаларды, ошондой эле баалуу кагаздарды ак ниеттүү алуучудан кандай гана шартта болбосун кайра берүү талабы коюлбайт.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [290-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-290)  
Кийинки берене: [292-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-292)
