# 285-статья. Чарбасыздык менен күтүлгөн маданий баалуулуктарды сатып алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-285>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-285.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 285-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-285

---

Мыйзамга ылайык өзгөчө баалуу жана мамлекет тарабынан корголуучу маданий баалуулуктарга таандык болгон маданий баалуулуктардын менчик ээси бул баалуулуктарды чарбасыздык менен күткөн учурда, ал баалуулуктарды жоготуу же маанисин кетирүү коркунучу туулса, бул баалуулуктар соттун чечими боюнча менчик ээсинен сатып алуу же ачык соодада сатуу жолу менен алынып коюлушу мүмкүн. Маданий баалуулуктарды сатып алууда менчик ээсине анын наркы тараптардын макулдашуусу боюнча, ал эми талаш-тартыш болгон учурда - сот тарабынан белгиленген өлчөмдө төлөнөт. Мүлк ачык соодада сатылган учурда менчик ээсине ал сооданы өткөрүүгө кеткен чыгымдарды чыгарып салгандан кийин сатуудан түшкөн акча берилет.

---

Мурунку берене: [284-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-284)  
Кийинки берене: [286-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-286)
