# 284-статья. Жер участогун алып коюуда анда жайгашкан кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112561)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112561); 14.03.2014 [Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205271)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263359..1263361>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-284>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-284.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 284-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-284

---

1. Ушул Кодекстин 281-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда жер участогун коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн, болбосо жерди талаптагыдай пайдаланбагандыгына байланыштуу алып коюуда ошол жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлккө менчик укугун токтотмоюнча, анын наркын жана мүлктү ээликтен ажыратууда келтирилген чыгымдар, мыйзамдарда каралган тартипте төлөнүп берилгенден кийин гана, ошол мүлк менчик ээсинен алынып коюлушу мүмкүн.

Эгерде мындай талап менен сотко кайрылган тиешелүү мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы алынып коюлган жер ошол максатта пайдалануу анда турган кыймылсыз мүлккө менчик укугун токтотмоюнча мүмкүн эмес экендигин далилдебесе, кыймылсыз мүлктү алып коюу жөнүндө талап канааттандырылбайт.

2. Ушул статьянын эрежелери тиешелүү түрдө мамлекеттик органдын кен чыккан, акваторий участоктору жана башка участоктор жайгашкан, кыймылсыз мүлктөр турган жерди пайдалануу укугун алып коюу жөнүндө чечимине байланыштуу кыймылсыз мүлккө менчик укугу токтотулганда колдонулат.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [283-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-283)  
Кийинки берене: [285-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-285)
