# 283-статья. Өзүнө таандык болбой турган мүлккө менчик укугунун токтотулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июля 2016 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О залоге", Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111396)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263338..1263340>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-283>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-283.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 283-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-283

---

1. Эгерде мыйзам жол берген негиздер боюнча адамдын менчигинде мыйзамга ылайык ага таандык болбой турган мүлк калса, мүлккө менчик укугу пайда болгон учурдан баштап Эгерде Жер кодексинде башкача белгиленбесе, үч жылдын ичинде ал мүлк менчик ээси тарабынан ээликтен ажыратылууга тийиш.

2. Эгерде менчик ээси тарабынан мүлк ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө ээликтен ажыратылбаган болсо, анда ал мүлк анын мүнөзүн жана максатын эске алуу менен мамлекеттик органдын же жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органынын арызы боюнча соттун чыгарган чечимине ылайык сатуудан түшкөн акчасын мурдагы ээсине берүү менен күч колдонуу аркылуу сатылууга же мүлктүн сот тарабынан аныкталган наркын мурдагы ээсине төлөп берүү менен мамлекеттик же коммуналдык менчикке өткөрүп берилүүгө тийиш. Мында мүлктү ажыратууга кеткен чыгымдар алынып салынат.

3. Эгерде мыйзам жол берген негиздер боюнча граждандын же юридикалык жактын менчигинде сатып алуу үчүн өзгөчө уруксат талап кылынган буюм болуп калса, ал эми аны менчик ээсине берүүдөн баш тартылса, анда бул буюм ошол менчик ээсине таандык болбой турган мүлк үчүн аныкталган тартипте ээликтен ажыратылууга тийиш.

(КР 2016-жылдын 15-июлундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [282-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-282)  
Кийинки берене: [284-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-284)
