# 281-статья. Мүлктү менчик ээсинен мажбурлап алып коюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112561)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112561); 14.03.2014 [Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205271)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263359..1263361>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-281>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-281.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 281-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-281

---

1. Мүлктү менчик ээсинин эркинен тышкары алып коюуга (мажбурлап алып коюу) соттун чечими менен гана төмөнкү учурларда жол берилет:

1) коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн ээликтен ажыратуу (233-18-статьянын эскертүүсүн кара);

2) мыйзамга ылайык ошол жакка (283-статья) тиешелүү болбой турган мүлктү ажыратуу;

3) ал турган жер участогунун (284-статья) алынып коюлушуна байланыштуу анда турган кыймылсыз мүлктү ажыратуу;

4) чарбакерсиз күтүлгөн маданий байлыктарды (285-статья) мажбурлап сатып алуу;

5) конфискациялоо (287-статья);

6) ушул Кодекстин 233-9, 233-17, 233-19, 250, 271-статьяларында жана 1046-статьясынын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында каралган негиздер боюнча мүлктү ажыратуу.

2. Мүлктү менчик ээсинин эркинен тышкары алып коюу ошондой эле менчик ээсинин милдеттенмелери боюнча (233-16, 282-статьялар) мүлк менен өндүрүп алуу учурларында соттун чечиминин негизинде жол берилет.

(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 252, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [280-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-280)  
Кийинки берене: [282-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-282)
