# 280-статья. Менчик укугун токтотуунун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-280>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-280.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 280-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-280

---

1. Менчик ээсинин менчик укугу өз мүлкүн башка жакка ээликтен ажыратып бергенде, менчик укугунан менчик ээси баш тартканда, мүлк жок болгондо, же талкаланып жок болгондо жана мүлккө менчик укугу жоголуучу мыйзамда каралган башка учурларда токтотулат.

2. Граждан же юридикалык жак өзүнө таандык мүлккө болгон менчик укугунан бул тууралу жарыялоо менен же ал мүлккө кандайдыр-бир укуктарды сактап калууга ниеттенбестен ага ээ болуудан, пайдалануудан жана тескөөдөн өзүнүн четтешин ачык далилдеген башка аракеттерди жасоо менен баш тарта алат.

Менчик укугунан баш тартуу башка жак менчик укугун алган учурга чейин анын ээсинин ошол мүлккө болгон укуктарын жана милдеттерин токтотууга алып келбейт.

---

Мурунку берене: [279-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-279)  
Кийинки берене: [281-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-281)
