# 275-статья. Жубайлардын жалпы менчиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-275>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-275.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 275-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-275

---

1. Эгерде мыйзамда же жубайлардын ортосундагы келишимде башкача каралбаса, алардын никеде турган убагында жыйган мүлкү жалпы менчик деп саналат.

2. Никеге турганга чейин жубайларга таандык мүлк, ошондой эле алар никеге турганда тартуу же мурастоо иретинде алган мүлк алардын ар биринин менчиги деп саналат.

Жеке пайдалануучу буюмдар - кийим-кечек, бут кийим, кымбат баалуу буюмдар, нике жана үй-бүлө жөнүндөгү мыйзамда аныкталган башка буюмдар никенин учурунда жубайлардын жалпы каражаттарынын эсебинен сатылып алынгандыгына карабастан аны пайдаланган жубайдын менчиги деп табылат. Эгерде никеде турган учурда жубайлардын жалпы мүлкүнүн эсебинен ал мүлктүн наркын кыйла көбөйтө турган салымдар жасалгандыгы (капиталдык ремонт, реконструкция, кайра жабдуу ж.б.) аныкталса, жубайлардын ар биринин мүлкү алардын жалпы менчиги деп таанылат.

3. Жубайлардын биринин милдеттери боюнча өндүрүп алуу талабы анын менчигинде турган мүлккө гана, ошондой эле ал мүлктү бөлүштүрүүдө ага

тиешелүү боло турган жубайлардын жалпы мүлкүндөгү анын үлүшүнө гана коюулушу мүмкүн.

4. Бөлүштүрүүдө жалпы мүлктөгү жубайлардын үлүшүн аныктоонун эрежеси жана андай бөлүштүрүүнүн тартиби нике жана үй-бүлө жөнүндөгү мыйзамдар менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [274-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-274)  
Кийинки берене: [276-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-276)
