# 274-статья. Жалпы мүлктөгү үлүштү өндүрүп алууну талап кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-274>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-274.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 274-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-274

---

1. Үлүштүк же биргелешкен менчиктин катышуучусунун кредитору ал катышуучунун башка мүлкү жетишсиз болгондо, өндүрүп алууну талап кылуу үчүн карыздардын жалпы мүлктөгү үлүшүн бөлүп берүү жөнүндө талап кылууга укуктуу.

2. Эгерде мындай учурда үлүштү натуралай бөлүп берүү мүмкүн болбосо же үлүштүк же биргелешкен менчиктин калган катышуучулары ага каршы чыкса, кредитор карызкордон өз үлүшүн жалпы менчиктин калган катышуучуларына ал үлүштүн рыноктук наркына теңдеш баада сатып, аны сатуудан түшкөн каражатты карыздан кутулууга жумшоону талап кылууга укуктуу.

Жалпы менчиктин калган катышуучулары карыздардын үлүшүн сатып алуудан баш тарткан учурда, кредитор карызкордун жалпы менчик укугундагы анын үлүшүн өндүрүп алууну сот аркылуу талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [273-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-273)  
Кийинки берене: [275-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-275)
