# 272-статья. Биргелешкен менчиктеги мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-272>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-272.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 272-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-272

---

1. Эгерде алардын ортосундагы макулдашууда башкача каралбаса, биргелешкен менчиктин катышуучулары жалпы мүлккө биргелешип ээ болот жана пайдаланат.

2. Биргелешкен менчикте турган мүлктү тескөө, ал мүлктү тескөө боюнча бүтүмдү анын катышуучуларынын кимиси түзгөндүгүнө карабастан, анын бардык катышуучуларынын макулдугу менен жүргүзүлөт.

3. Эгерде бардык катышуучулардын макулдашуусунан башкача келип чыкпаса, биргелешкен менчиктин катышуучуларынын ар-бири жалпы мүлктү тескөө боюнча бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу. Биргелешкен менчиктин катышуучуларынын бири түзгөн жалпы мүлктү тескөөгө байланышкан бүтүм аны түзгөн катышуучуда зарыл укуктар жок экендигин бүтүм түзгөн экинчи тарап билгендиги же ал жөнүндө күн мурунтан билүүгө тийиш экендиги далилденген учурда калган катышуучулардын талабы боюнча жараксыз деп таанылышы мүмкүн (195-статья).

4. Эгерде ушул Кодекс же башка мыйзамдарда биргелешкен менчиктин калган түрлөрү үчүн башкача белгиленбеген учурда, ушул статьянын эрежелери колдонулат.

---

Мурунку берене: [271-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-271)  
Кийинки берене: [273-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-273)
