# 267-статья. Үлүштүк менчик укугунда үлүштү аныктоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-267>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-267.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 267-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-267

---

1. Эгерде үлүштүк менчиктин катышуучуларынын үлүшүнүн өлчөмү мыйзамдын негизинде аныкталбаса жана анын бардык катышуучуларынын макулдашуусу менен белгиленбесе, үлүштөр бирдей өлчөмдө деп таанылат.

2. Үлүштүк менчиктин бардык катышуучуларынын макулдашуусу менен жалпы мүлктү түзүүгө, сатып алууга жана арттырууга ар биринин кошкон салымына жараша алардын үлүшүн аныктоонун жана өзгөртүүнүн тартиби белгилениши мүмкүн.

3. Жалпы мүлктү пайдалануунун белгиленген тартибин сактоо менен өз эсебинен ал мүлктү ажыралгыс кылып жакшырткан үлүштүк менчиктин катышуучусу жалпы мүлктө өз үлүшүнүн тиешелүү түрдө көбөйтүлүшүнө укук алат.

Эгерде үлүштүк менчиктин катышуучуларынын макулдашуусунда башкасы каралбаса, жалпы мүлктүн ажыратыла турган жакшыртылышы аны жүргүзгөн катышуучунун менчигине түшөт.

---

Мурунку берене: [266-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-266)  
Кийинки берене: [268-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-268)
