# 266-статья. Жалпы менчиктин келип чыгышынын түшүнүгү жана анын негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-266>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-266.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 266-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-266

---

1. Эки же бир нече жактардын менчигиндеги мүлк аларга жалпы менчик укугунда тиешелүү.

2. Мүлк менчик укугуна ар бир менчиктөөчүнүн үлүшүн (үлүштүк менчик) аныктоо менен же мындай үлүштү аныктабастан (биргелешкен менчик) жалпы менчикте боло алат.

3. Мүлктү жалпы менчиктөө үлүштүк болуп саналат, буга бул мүлккө биргелешкен менчиктөөнү түзүүгө мыйзамда жол берилген учурлар кирбейт.

4. Багытын өзгөртмөйүнчө бөлүнүшү мүмкүн болбогон (бөлүнбөс мүлк) же мыйзамга ылайык бөлүнбөй турган мүлк эки же бир нече жактын менчигине келип түшкөндө жалпы менчиктөө пайда болот.

Бөлүнүүчү мүлккө жалпы менчиктөө мыйзамда жана келишимде каралган учурда келип чыгат.

5. Биргелешкен менчиктин катышуучуларынын макулдашуусу боюнча, ал эми макулдашууга жетишилбесе - соттун чечими боюнча жалпы мүлккө ал жактардын үлүштүк менчиги белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [265-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-265)  
Кийинки берене: [267-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-267)
