# 265-статья. Ээлик кылуунун эскиргендиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 мая 2012 года № 51 "О внесении дополнения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203651)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263323..1263324>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-265>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-265.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 265-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-265

---

1. Мүлктүн ээси болуп саналбаган, бирок, он беш жыл бою кыймылсыз же беш жыл бою башка мүлктүн ээсимин деп өзүн ак ниеттүүлүк менен, ачык санаган граждан же юридикалык жак ал мүлккө (ээлик кылуунун эскиргендиги боюнча) ээлик кылуу укугун алат.

Мамлекеттик катталууга тийиш болгон кыймылсыз жана башка мүлккө менчик укугу ал мүлктү сатып алган жакка аны ээлик кылуунун эскиргендигине байланыштуу каттоодон өткөргөн учурдан баштап пайда болот.

2. Ээлик кылуунун эскиргендигине байланыштуу мүлккө карата менчик укугу алынганга чейин мүлккө өзүнүн менчиги катарында ээлик кылган жак үчүн мүлктүн менчик ээси болуп саналбаган, ошондой эле мыйзамда же келишимдин негизинде башкача каралгандыгына байланыштуу, ага ээлик кылууга укугу болбогон үчүнчү жактан өзүнүн ээлигин коргоого укуктуу.

3. Ээлик кылуусунун эскиргендигине таянган жак өзүнүн ээлик кылуу убактысына өзү укугун мурастап алган жак бул мүлктү ээлеп турган убакыттын бардыгын кошо алат.

4. Ушул Кодекстин 289-291, 294-статьяларына ылайык ээлик кылуусунан талап кылынышы мүмкүн болгон жактардын карамагында турган буюмдарга карата ээлик кылууну эскиргендиги мөөнөтү тиешелүү талаптар боюнча доонун эскиргендигинин мөөнөтү өткөндөн мурда башталбайт.

5. Ээлик кылуунун эскиргенине байланыштуу мүлккө менчик укугун таануу сот тарабынан жүзөгө ашырылат.

(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 14-майындагы №51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [264-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-264)  
Кийинки берене: [266-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-266)
