# 264-статья. Кароосуз калган малды багууга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу жана алар үчүн сүйүнчү алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-264>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-264.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 264-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-264

---

1. Кароосуз үй жаныбарларын ээсине кайтарып берген учурда, ал малды кармаган жак жана ал мал багуусунда жана пайдалануусунда турган жак анын ээсинен ал малды пайдалануудан алган пайдасын чыгарып салгандан кийин, аны багууга кеткен зарыл чыгымдардын ордун толтуртуп алууга укуктуу.

2. Кароосуз үй жаныбарларын кармаган жак анын ээсинен ушул Кодекстин 260-статьясынын 2-пунктуна ылайык сүйүнчү талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [263-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-263)  
Кийинки берене: [265-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-265)
