# 263-статья. Кароосуз калган малга менчик укугуна ээ болуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-263>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-263.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 263-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-263

---

1. Эгерде кароосуз үй жаныбарлары кармалгандыгы жөнүндө арыз берилген учурдан баштап үч айдын ичинде алардын ээси табылбаса жана аларга укугу бар экендиги жөнүндө билдирбесе, анда ал малга менчик укугу аны баккан жана пайдаланган жакка өтөт.

Өзү багып жаткан малга ээ болуудан ал жак баш тартса, алар коммуналдык менчикке өтөт жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы аныктаган тартипте пайдаланылат.

2. Эгерде мал башка жактын менчигине өтүп кеткенден кийин анын мурдагы ээси келген учурда, анын ээси ал малдын өзүнө көнүп калгандыгын далилдеген жагдай болсо же жаңы ээси аларга карата катаал же башкача түрдө талаптагыдай мамиле кылбаса, анын жаңы ээси менен макулдашуу боюнча аныкталган шартта, ал эми андай макулдашууга жетишилбесе - сот аркылуу аларды кайра кайтарууну талап кыла алат.

---

Мурунку берене: [262-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-262)  
Кийинки берене: [264-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-264)
