# 262-статья. Кароосуз калган мал

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-262>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-262.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 262-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-262

---

1. Кароосуз калган же ээн калган малды же башка кароосуз калган үй жаныбарларын кармагандар аны ээсине кайтарып берүүгө, ал эми малдын ээси же анын турган жери белгисиз болсо мал кармалган учурдан баштап үч күндөн кечиктирбестен малдын табылгандыгы жөнүндө ички иштер органына же жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына билдирүүгө милдеттүү, алар анын менчик ээсин издөө боюнча чара көрүшөт.

2. Малдын ээсин издөө учурунда малды кармаган жак өзүндө багууга же пайдаланууга, же аны ал үчүн зарыл шарттары бар башка бирөөгө багууга же пайдаланууга бере алат. Кароосуз малды кармаган жактын өтүнүчү боюнча аны багуу үчүн зарыл шарты бар жакты издөөнү жана ага малды өткөрүп берүүнү ички иштер органы же жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы жүргүзөт.

3. Кароосуз малды кармаган жак жана ал малды багууга жана пайдаланууга берилген жак да аларды талаптагыдай багууга милдеттүү жана алардын өлүп калышы же мертиниши үчүн күнөөлүү болсо анын наркынын өлчөмүн төлөп берет.

---

Мурунку берене: [261-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-261)  
Кийинки берене: [263-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-263)
