# 261-статья. Кенч

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112561)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263359..1263361>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-261>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-261.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 261-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-261

---

1. Менчик ээси аныкталбаган же мыйзамга байланыштуу ага болгон укугунан ажыраган кенч, башкача айтканда жерге көмүлгөн же башкача жолдор менен катылган акча же баалуу буюмдар кенч катылган жер участогу, курулуш жана башкалар тиешелүү болгон жак менен аны тапкан жактын менчигине, эгерде алардын ортосундагы келишимде башкасы каралбаса, бирдей үлүштө өтөт.

Кенч катылган жер участогунун же башка мүлктүн ээсинин макулдугусуз казууларды жүргүзгөн же байлыктарды издеген жак кенчти тапкан учурда, ал кенч ал табылган жер участогунун же башка мүлктүн ээсине өткөрүп берилүүгө тийиш.

2. Тарыхый-маданий мурас эстеликтерине тиешелүү кенч табылган учурда алар мамлекеттик менчикке өткөрүлүүгө тийиш. Мындай болгондо кенч табылган жер участогунун же башка мүлктүн ээси жана кенчти тапкан жак кенчтин наркынын элүү процент өлчөмүндө сүйүнчү алууга укуктуу. Ал жактардын ортосунда сүйүнчүнү бөлүштүрүү ушул статьянын 1-пунктунда каралган эрежелерди колдонуу менен жүргүзүлөт.

Тарыхый-маданий мурас эстеликтерине тиешелүү кенчти тапкан жак ага сүйүнчү төлөнгөнгө чейин бул мүлктү кармап турууга укуктуу (342-статья). (КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [260-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-260)  
Кийинки берене: [262-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-262)
