# 260-статья. Табылга менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу жана буюмду тапканга сүйүнчү берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-260>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-260.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 260-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-260

---

1. Буюмду таап алган жана аны алууга укугу бар жакка кайтарып берген жак ал жактан, ал эми буюм мамлекеттик менчикке өткөн учурда тиешелүү мамлекеттик органдан буюмду сактоо, тапшыруу же сатуу менен байланышкан чыгымдардын, ошондой эле буюмду алууга укуктуу жакты табууга кеткен чыгымдын ордун толтуруу каражатын алууга укуктуу.

2. Буюмду тапкан жак табылга үчүн аны алууга укуктуу жактан буюмдун наркынын жыйырма процентке чейинки өлчөмүндө сүйүнчү талап кылууга укуктуу.

Эгерде табылган документтер же башка буюмдар аны алууга укуктуу жак үчүн гана баалуулукту билдирсе, сүйүнчүнүн өлчөмү ал жак менен макулдашуу боюнча аныкталат, ал эми макулдаша алышпаса - сот тарабынан аныкталат. Табылган буюмду кайра кайтарууну талап кылууга укуктуу жак табылга үчүн сүйүнчү төлөөгө ачык убада берсе, сүйүнчү ага ачык убада берген шартта төлөнөт. Буюмду тапкан жак сүйүнчү төлөнгөнгө чейин табылган буюмду кармап турууга укуктуу (342-статья), буга аларды кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу жак гана пайдаланышы мүмкүн болгон документтер кирбейт. Эгерде буюмду тапкан жак табылга жөнүндө билдирбесе же аны катып алууга аракеттенсе, сүйүнчү алуу укугу болбойт.

---

Мурунку берене: [259-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-259)  
Кийинки берене: [261-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-261)
