# 259-статья. Табылга

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112561)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263359..1263361>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-259>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-259.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 259-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-259

---

1. Жоголгон буюмду тапкан жак ал жөнүндө аны жоготкон жакка же буюмдун ээсине же аны алууга укугу бар ага белгилүү башка кимдир бирөөгө дароо билдирүүгө жана табылган буюмду ал жакка кайтарып берүүгө милдеттүү.

Эгерде буюм бөлмөдө же транспортто табылган болсо, ал бөлмөнүн же транспорт каражатынын ээси болуп саналган жакка тапшырылууга тийиш. Табылга тапшырылган жак буюмду тапкан жактын укуктарына ээ болот жана милдеттенмелерди тартат. Тарыхый-маданий баалуулуктарга тиешелүү археологиялык табылгалар мамлекеттин менчиги болуп саналат жана мыйзамда аныкталган тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүлүүгө тийиш.

2. Эгерде табылган буюмду кайра кайтарууну талап кылууга укугу бар жак же анын турган жери белгисиз болсо, буюмду тапкан жак табылга жөнүндө милицияга же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органына билдирүүгө милдеттүү.

3. Буюмду тапкан жак аны өзүндө сактоого же милицияга тиешелүү мамлекеттик органга же алар көрсөткөн жакка сактоого берүүгө укуктуу.

4. Буюмду тапкан жак анын жоголуп кеткендиги же бузулгандыгы үчүн атайлап же одоно калпыстык менен жасалган учурда жана буюмдун наркынын чектеринде жооп берет.

5. Эгерде табылга жөнүндө милицияга же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органына арыз түшкөн учурдан баштап үч айдын ичинде жоголгон буюмду алууга укугу бар жак аныкталбаса жана ал буюмга өзүнүн укугу бар экендигин аны тапкан жакка, ички иштер органына же жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органына билдирбесе менчик укугуна ал буюмду тапкан жак ага ээ болот.

Эгерде буюмду тапкан жак аны менчигине алуудан баш тартса, анда ал муниципалдык менчикке өтөт. (КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [258-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-258)  
Кийинки берене: [260-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-260)
