# 258-статья. Менчик ээси баш тарткан кыймылдуу буюмдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 марта 2008 года № 24 "О внесении изменений в гражданский кодекс КР"](https://aqlex.ai/kg/doc/202234)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263305..1263306>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-258>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-258.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 258-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-258

---

1. Менчик ээси таштап салган же менчнк укугунан баш тартуу максатында (280-статьясынын 2-пункту) башкача жол менен калтырган (ташталган буюмдар) ушул статьянын 2-пунктунда каралган тартипте башка адамдын менчигине айланышы мүмкүн.

2. Наркы эсептик көрсөткүчтүн беш эселик өлчөмүнөн аз болгон ташталган буюмдар же ташталган металл сыныктары, жараксыздыка чыгарылган продукция, карагай агызуудан калган шилендилер, кен казуудан калган топурактар жана саркындылар, өндүрүштүн калдыктары жана башкалар турган жер участогу, көлмөлөр же башка объекттер менчигинде, карамагында же пайдалануусунда турган жактан ал буюмдарды өз менчигине айландырууга күбө болгон аракеттерди жасоо же пайдаланууга киришүү менен аны өз буюмуна айландырууга укуктуу.

Ташталган башка буюмдар ал жактын арызы боюнча сот тарабынан ээси жок деп таанылган учурда ага ээ болгон жактын менчигине айланат. (КР 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [257-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-257)  
Кийинки берене: [259-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-259)
