# 257-статья. Ээси жок буюмдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 мая 2009 года № 155 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203149)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263316..1263317>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-257>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-257.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 257-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-257

---

1. Менчик ээси жок же менчик ээси белгисиз буюмдар, же менчик ээси менчиктөө укугунан баш тарткан буюмдар ээси жок буюмдар деп таанылат.

2. Эгерде менчик ээси баш тарткан буюмга менчик укугуна ээ болуу жөнүндөгү (258-статья), таап алуу жөнүндөгү (259-статья), кароосуз калган мал (262-статья) жана кенч (261-статья) жөнүндөгү ушул Кодекстеги эрежелер тарабынан жокко чыгарылбаса, ээсиз кыймылдуу буюмдарга менчик укугу ээлик кылган убактысынын эскиргендигине (265-статья) байланыштуу ээлениши мүмкүн.

3. Ээси жок кыймылсыз буюмдарды кыймылсыз буюмду мамлекеттик каттоочу орган тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүу өз алдынча башкаруу органынын арызы боюнча эсепке алат.

Ээси жок кыймылсыз мүлктү эсепке алган күндөн тартып үч жыл өткөндөн кийин мамлекеттик же муниципалдык мүлктү башкарууга ыйгарым укугу бар орган бул буюмду мамлекеттик же муниципалдык менчикке түштү деп табуу жөнүндө талап менен сотко кайрыла алат. Соттун чечими боюнча мамлекеттик же муниципалдык менчикке түштү деп табылбаган ээси жок кыймылсыз буюмду аны калтырган менчик ээси кайрадан ээлигине, пайдаланууга жана тескөөгө алышы же ээлик кылган убактысынын эскиргендигинен (265-статья) улам менчикке алышы мүмкүн. (КР 2009-жылдын 12-майындагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [256-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-256)  
Кийинки берене: [258-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-258)
