# 2541-статья. Өзү билип курулуш куруу жана анын кесепеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 января 2015 года № 18 "О внесении дополнения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205444)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.01.2015 [Закон КР от 20 января 2015 года № 18 "О внесении дополнения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205444); 15.01.2013 [Закон КР от 15 января 2013 года № 5 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203812); 12.05.2009 [Закон КР от 12 мая 2009 года № 155 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203149); 21.07.1999 [Закон КР от 21 июля 1999 года № 83 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/246)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263335..1263336>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2541>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-2541.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 2541-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2541

---

1. Бул максат үчүн бөлүнбөгөн жер участогунда курулган, ошондой эле бул үчүн зарыл болгон чечимди албастан курулган, болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шаар куруу жана курулуш ченемдери менен эрежелерин олуттуу бузуу менен курулган турак үй, башка курулуш, курулма же башка кыймылсыз мүлк өзү билип курулган курулуш деп эсептелет.

2. Өзү билип курулуш курган адам ага менчик укугуна ээ болбойт, ошондой эле курулушту тескөөгө - сатууга, белекке, ижарага берүүгө, башка бүтүмдөрдү жасоого укуксуз.

Өзү билип курулган курулуш укугу бузулган адамдын, болбосо тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын доосу боюнча аны курган адам тарабынан же анын эсебинен бузулууга тийиш. Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарына өзү билип курулган курулуш, эгерде аны жүзөгө ашырган адам аныкталбаса, тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими боюнча бузулууга жатат. Өзү билип курулган курулушту бузуу, аны бузуу жөнүндө чечимди кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

3. (КР 2013-жылдын 15-январындагы № 5 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. (КР 2013-жылдын 15-январындагы № 5 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Эгерде курулган курулушту сактап калуу башка адамдардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын бузууга алып келсе, болбосо алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирсе, адамдардын өзү билип курган курулушка менчик укугу туура деп табылбайт.

6. Өзгөчө учурларда, социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун эске алуу менен өзү билип курулган курулуш ага кеткен чыгымдардын ордун сот тарабынан аныкталган өлчөмдө төлөп берүү менен муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 2009-жылдын 12-майындагы № 155 , 2013-жылдын 15-январындагы № 5 , 2015-жылдын 20-январындагы № 18 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [254-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-254)  
Кийинки берене: [255-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-255)
