# 253-статья. Кайра иштетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 12-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-253>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-253.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 253-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-253

---

1. Келишимде башкача каралбагандыктан, өзүнө тиешелүү эмес материалды кайра иштетүү жолу менен жасаган жактын жаңы кыймылдуу мүлкүнүн менчик укугуна материалдын ээси ээ болот.

Бирок, кайра иштетүүнүн наркы материадык наркынан кыйла ашса, жаңы буюмга менчик укугун өзү үчүн ак ниеттүүлүк менен аракеттенип кайра иштеткен жак ээ болот.

2. Эгерде келишимде башкача каралбаса, материалынан жасалган буюмга менчик укугун алган материалдын ээси кайра иштеткен жакка анын иш наркын компенсациялоого, ал эми жаңы буюмга менчик укугуна иштеткен жак ээ болгон болсо, анда ал материалдын ээсине материалдын наркын төлөп берүүгө милдеттүү.

3. Кайра иштеткен жактын кара ниеттик аракетинин натыйжасында материалынан ажыраган анын ээси жаңы буюмду анын менчигине берүүнү жана ага келтирилген зыяндын ордун төлөп берүүнү талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [252-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-252)  
Кийинки берене: [254-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-254)
