# 250-статья. Чарбасыздык менен күтүлгөн турак жайга карата менчик укугунун токтотулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 мая 2009 года № 155 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203149)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263316..1263317>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-250>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-250.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 250-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-250

---

1. Эгерде турак жайдын ээси аны максатына ылайык пайдаланбаса же коңшуларынын укуктары менен кызыкчылыктарын дайыма же олуттуу бузса, ошондой эле турак жайдын бузулушуна жол берип, чарбасыздык менен мамиле жасаса, анда укугу бузулган тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкарууда органдары же жактар мындай тартип бузууларды четтетүү зарылчылыгын менчик ээсине эскертиши, ал эми андай тартип бузуулар турак жайдын бузулушуна алып келе турган болсо - менчик ээсине турак жайды оңдоо үчүн ылайыктуу мөөнөт белгилеши мүмкүн.

2. Эгерде менчик ээси мындай эскертүүдөн кийин да коңшуларынын укуктары менен кызыкчылыктарын бузууну улантса жана турак жайды максатына ылайык эмес пайдалана берсе, ошондой эле зарыл болгон оңдоону жүйөөлүү себепсиз жүргүзбөсө, анда сот тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органынын же укугу бузулган жактын доосу боюнча өзүнүн чечимин аткарууга кеткен чыгымдарды чыгарып салуу менен сатуудан түшкөн акчанын менчик ээсине берилишин белгилеп, мындай турак жайды ачык соодада сатып жиберүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

(КР 2009-жылдын 12-майындагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [249-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-249)  
Кийинки берене: [251-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-251)
