# 247-статья. Көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 июля 2013 года № 119 "О внесении дополнений и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203927)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263330..1263331>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-247>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-247.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 247-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-247

---

1. Көп квартиралуу үйдөгү бирден ашык менчик ээсин тейлеген жайлар, үй ичиндеги түйүндөр жана инженердик жабдуу-шаймандар (подъезддер, вестибюлдар, квартира аралык тепкичтер жана аянтчалар, тепкичтер, желдеткич жана лифт шахталары, квартирадан тышкары коридорлор, коридорлор, кургаткычтар, кир жуугуч бөлмөлөр, буюм сактагычтар, чердак, техникалык кабаттар, жертөлөлөр, өткөөл шлюздар, таштанды камералары, таштанды өткөргүчтөр, чатыр жапкычтар, имараттын курулуш конструкциялары, башка кошумча жайлар жана башкалар), ошондой эле үй жанындагы жер участкалары көп квартиралуу үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын ээлеринин жалпы үлүштүк менчиги болуп саналат.

2. Көп квартиралуу үйдөгү жалпы мүлккө менчик укугундагы турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин үлүштөрүнүн өлчөмү жана ушул мүлктү күтүү жана сактоо боюнча чыгымдарды менчик ээлеринин ортосунда бөлүштүрүү турак жай мыйзамдарына ылайык белгиленет.

3. Көп квартиралуу үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери турак үйдүн жалпы мүлкүнө менчик укугундагы өзүнүн үлүшүн ээликтен ажырата албайт, ошондой эле бул үлүштү турак жана турак эмес жайларга менчик укугунан бөлүп өзүнчө берүүгө алып келүүчү башка аракеттерди жасай албайт.

(КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [246-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-246)  
Кийинки берене: [248-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-248)
