# 24-статья. Кыймылсыз жана кыймылдуу буюмдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 декабря 2008 года № 266 "О внесении изменений и дополнения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202482)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263309..1263310>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 24-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-24

---

1. Жер участоктору, жер байлыктарынын участоктору, өзгөчөлөнгөн суу объектилери жана жер менен бекем байланышта болгондордун бардыгы, башкача айтканда алардын багытына өлчөмсүз зыян келтирбей туруп жылдырууга болбогон объектилер, анын ичинде токойлор, көп жылдык бак-дарактар, имараттар, курулуштар жана башкалар кыймылсыз буюмдарга (кыймылсыз мүлк, кыймылсыз нерселер) таандык кылынат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка мүлк да кыймылсыз буюмдарга таандык кылынышы мүмкүн.

2. Кыймылсыз мүлккө менчик укугу жана башка буюмдук укуктар, бул укуктарды чектөө, алардын пайда болушу, башка бирөөгө өтүшү жана токтолушу бирдиктүү мамлекеттик реестрде мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

3. Акчаны жана баалуу кагаздарды кошуп алганда, кыймылсыз мүлккө таандык кылынбаган буюмдар кыймылдуу мүлк деп табылат. Эгерде ушул Кодекс же мыйзам менен башкача белгиленбесе кыймылдуу буюмдарга болгон укукту каттоо талап кылынбайт.

4. Багытына ылайык аларды керектөөдө же ээликтен ажыратууда пайдаланылуучу кыймылдуу буюмдар керектелүүчү буюмдар деп табылат.

Товардык кампанын курамына же буюмдардын башка жыйындысына кирген, аларды пайдалануу алардын багытына ылайык айрым буюмдарды ээликтен ажыратуудан турса мындай кыймылдуу буюмдар да керектелүүчү буюмдар деп табылат. (КР 2008-жылдын 17-декабрындагы № 266 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-25)
