# 2339-статья. Кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин жер участогун пайдалануу укугунан ажырашынын кесепеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2339>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-2339.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 2339-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2339

---

1. Ушул жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлктүн менчик ээсине берилген жер участогун пайдалануу укугу токтотулганда (233-10-статья), анын менчик ээсинин жер участогунда калтырылган кыймылсыз мүлккө укугу участоктун менчик ээси менен тиешелүү кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин ортосундагы келишимге ылайык аныкталат.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашуу жок болгондо же макулдашууга жетишилбегенде, жер участогунун менчик ээси кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин жер участогун пайдалануу укугу токтотулгандан кийин аны кыймылсыз мүлктөн бошотушун жана участокту баштапкы абалына келтиришин сот аркылуу талап кылууга укуктуу.

Жер участогунда жайгашкан имаратты же курулушту (турак үйлөр, тарых жана маданият эстеликтери жана башкалар) бузууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган, болбосо аларды курууга бөлүнүп берилген жердин наркына салыштырганда имараттын же курулуштун наркы абдан жогору болгондугуна байланыштуу жүзөгө ашырууга болбой турган учурларда, сот жер участогун пайдалануу укугунун токтотулушунун негиздерин эске алуу менен жана тараптардын тиешелүү талаптары коюлганда кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин жер участогун пайдалануусунун жаңы мөөнөтүнүн шарттарын белгилей алат.

3. Ушул статьянын эрежелери жер участогу мамлекеттик же коомдук муктаждыктар үчүн алынып коюлганда (233-17-статья), ошондой эле жер участогу талапка ылайык пайдаланылбагандан улам, аны пайдалануу укугу токтотулганда колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [2338-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2338)  
Кийинки берене: [23310-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-23310)
