# 2338-статья. Жер участогун анда жайгашкан кыймылсыз мүлктүн менчик ээси тарабынан пайдалануу укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2338>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-2338.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 2338-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2338

---

1. Башка адамга таандык болгон жер участогунда жайгашкан имараттын, курулуштун же башка кыймылсыз мүлктүн менчик ээси, ошол адам тарабынан ушул кыймылсыз мүлктү куруу үчүн берилген жер участогунун бир бөлүгүн пайдаланууга укуктуу.

Эгерде мыйзамда, мамлекеттик же муниципалдык менчикте болгон жер участогун берүү жөнүндө чечимде, же келишимде башкача каралбаса, имаратттын, курулуштун же башка кыймылсыз мүлктүн менчик ээси ушул кыймылсыз мүлк жайгашкан жер участогунун бир бөлүгүн пайдаланууга укуктуу.

2. Кыймылсыз мүлккө менчик укугу башка адамга өткөндө ал кыймылсыз мүлктүн мурдагы менчик ээси жер участогунун тиешелүү бөлүгүн пайдалануу укугуна анын мурдагы ээсиндей эле шарттарда жана көлөмдө ээ болот.

Жер участогуна менчик укугунун өтүшү кыймылсыз мүлктүн менчик ээсине таандык болгон ушул участокту пайдалануу укугунун токтолушу же өзгөртүлүшү үчүн негиз болуп эсептелбейт.

3. Башка бирөөнүн жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлктүн менчик ээси ушул кыймылсыз мүлккө өзүнүн каалоосу боюнча ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө, анын ичинде тиешелүү имараттарды жана башка кыймылсыз мүлктү бузууга укуктуу болот, анткени мунун өзү аталган участокту пайдалануунун мыйзамда же келишимде белгиленген шарттарына карама-каршы келбейт.

---

Мурунку берене: [2337-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2337)  
Кийинки берене: [2339-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2339)
