# 2333-статья. Жалпы пайдалануудагы жер участоктору. Жер участокторуна мүмкүнчүлүк алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2333>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-2333.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 2333-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2333

---

1. Граждандар жалпы мүмкүнчүлүк берилген, мамлекеттик же муниципалдык менчикте болгон жабык эмес жер участокторунда кандайдыр-бир уруксатсыз эле эркин жүрүүгө жана бул участоктордо болгон табигый объектилерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле тиешелүү жер участогунун менчик ээси жол берген чектерде пайдаланууга укуктуу.

2. Жер участогу курчалбаса, болбосо анын менчик ээси же жерди пайдалануучу башкача ыкма менен участокко анын уруксатсыз кирүүгө жол берилбей тургандыгын так белгилеп койбосо, ар кандай адам, эгерде мунун өзү менчик ээсине же жерди пайдалануучуга зыян келтирбеген шартта ушул участок аркылуу өтүп кете алат.

---

Мурунку берене: [2332-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2332)  
Кийинки берене: [2334-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2334)
