# 2332-статья. Жер участогу менчик укугунун жана буюмдук укуктун объектиси катары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 мая 2009 года № 155 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203149)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263316..1263317>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2332>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-2332.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 2332-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2332

---

1. Жер участогунун аймактык чек аралары менчик ээсине, болбосо жер участогуна башкача буюм укугуна ээ болгон адамга тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген документтердин негизинде аныкталат.

2. Эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, жер участогуна менчик укугу же пайдалануу укугу ушул участоктун үстүнкү (кыртыштык) катмарындагы чек араларга жайылтылат.

Эгерде "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында же башка мыйзамдарда башкача каралбаса жана башка адамдардын укугун бузбаса, жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу ушул участоктун үстүндө жана астында болгондордун бардыгын өз каалоосу боюнча пайдаланууга укуктуу. (КР 2009-жылдын 12-майындагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2331-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2331)  
Кийинки берене: [2333-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2333)
