23318-статья. Жер участогун коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн сатып алуу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 10-Глава
Жер участогун коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн сатып алуу ыйгарым укуктуу орган менен жер участогунун менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун ортосундагы келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Эгерде менчик ээси же жерди пайдалануучу өзүнүн жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн ээликтен ажыратуу жөнүндө чечим менен макул болбосо, же сатып алуу баасы жана сатып алуунун башка шарттары жөнүндө аны менен макулдашууга жетишилбесе, ушундай чечимди кабыл алган ыйгарым укуктуу орган жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу же сатып алуу баасын аныктоо жөнүндө доо коюуга укуктуу. Жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн сатып алуу же сатып алуу баасын аныктоо жөнүндө доо баш тартуу алынган учурдан тартып эки айдан кечиктирилбестен коюлууга тийиш. Эскертүү: коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар - улуттук коопсуздукту, айлана-чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону камсыздоого, коргонуу объекттерин, жаратылыш-корук фондунун, социалдык, өндүрүштүк, энергетикалык, инженердик, архитектуралык-курулуш жана транспорттук инфратүзүмдөрдү, анын ичинде аэропортторду жайгаштырууга жана тейлөөгө, ошондой эле пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди ишке ашырууга байланышкан муктаждыктар. (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23318-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
11.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Жер участогун коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн сатып алуу Жер участогун коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн сатып алуу ыйгарым укуктуу орган менен жер участогунун менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун ортосундагы келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Эгерде менчик ээси же жерди пайдалануучу өзүнүн жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн ээликтен ажыратуу жөнүндө чечим менен макул болбосо, же сатып алуу баасы жана сатып алуунун башка шарттары жөнүндө аны менен макулдашууга жетишилбесе, ушундай чечимди кабыл алган ыйгарым укуктуу орган жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу же сатып алуу баасын аныктоо жөнүндө доо коюуга укуктуу. Жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн сатып алуу же сатып алуу баасын аныктоо жөнүндө доо баш тартуу алынган учурдан тартып эки айдан кечиктирилбестен коюлууга тийиш. Эскертүү: коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар - улуттук коопсуздукту, айлана-чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону камсыздоого, коргонуу объекттерин, жаратылыш-корук фондунун, социалдык, өндүрүштүк, энергетикалык, инженердик, архитектуралык-курулуш жана транспорттук инфратүзүмдөрдү, анын ичинде аэропортторду жайгаштырууга жана тейлөөгө, ошондой эле пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди ишке ашырууга байланышкан муктаждыктар. (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-23318" title="23318-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>