23314-статья. Жер участогуна менчик укугун же жерди пайдалануу укугун же имаратка же курулушка менчик укугун өткөрүп берүүдө, укуктун башкага өтүшүндө сервитутту сактоо
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 10-Глава
1. Сервитут менен ыңгайсыз абалга келтирилген жер участогуна менчик укугу же жерди пайдалануу укугу же сервитут өз кызыкчылыгы үчүн белгиленген адамдын имаратка же курулушка менчик укугу башка адамга өткөндө сервитут сакталат.
2. Сервитут соода-сатыктын, күрөөнүн өз алдынча буюмзаты болушу мүмкүн эмес жана жер участогун пайдалануучу же имараттын же курулуштун менчик ээси болуп эсептелбеген, алардын пайдаланышын камсыз кылуу үчүн сервитут белгиленген адамдарга кандайдыр-бир ыкма менен өткөрүлүп берилиши мүмкүн эмес.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23314-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-23314" title="23314-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>