# 23313-статья. Мажбурлоочу сервитут

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 мая 2009 года № 155 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203149)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263316..1263317>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-23313>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-23313.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 23313-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-23313

---

1. Мажбурлоочу сервитут мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечиминин негизинде келип чыгышы мүмкүн.

2. Ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган учурларда, бул ишке кызыкдар болгон адамдын талабы боюнча мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мажбурлоочу сервитут белгилөөгө укуктуу.

Мажбурлоочу сервитут:

1) эгерде кыймылсыз мүлккө карата мүмкүнчүлүк алуу мүмкүн болбосо, өтө оор болсо же өзгөчө чыгымдарды талап кылса, кыймылсыз мүлккө мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу үчүн:

2) аларды камсыз кылуу мажбурлоочу сервитутту белгилемейинче мүмкүн болбогон электр берүү, байланыш линияларын жана түтүк өткөргүчтөрдү орнотуу жана пайдалануу, суу менен камсыз кылуу жана мелиорация үчүн жана кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин башка муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн белгиленет.

3. Сервитут белгилөөнү караган мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органынын чечими же сервитут белгилөөдөн баш тартуу сервитут белгилөөгө кызыккан адам же кыймылсыз мүлктүн менчик ээси тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.

4. Мажбурлоочу сервитуттун белгилениши менен кыймылсыз мүлктүн менчик ээсине келтирилген зыяндардын орду сервитут кимдин кызыкчылыгы үчүн белгиленсе, ошол адам тарабынан толтурулат.

Мажбурлоочу сервитут салынган кыймылсыз мүлктүн менчик ээси зыяндардын ордун толтуруунун ордуна сервитут кимдин кызыкчылыгы үчүн белгиленсе, ошол адамдан ылайыктуу акыны талап кылууга укуктуу. (КР 2009-жылдын 12-майындагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23312-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-23312)  
Кийинки берене: [23314-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-23314)
