# 23311-статья. Башка бирөөнүн жер участогун чектелген түрдө пайдалануу укугу (сервитут)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-23311>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-23311.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 23311-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-23311

---

1. Кыймылсыз мүлктүн (жер участогунун, башка мүлктүн) менчик ээси жанаша жайгашкан кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинен, ал эми зарыл учурларда башка кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинен жанаша жаткан кыймылсыз мүлктү чектелген түрдө пайдалануу укугун (сервитутту) берүүнү талап кылууга укуктуу.

2. Сервитут тараптардын макулдашуусу боюнча (ыктыярдуу сервитут) же зарыл учурда ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде (мажбурлоочу сервитут) белгиленет жана кыймылсыз мүлктү каттоо үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.

3. Кыймылсыз участокту сервитут менен ыңгайсыз абалга келтирүү участоктун менчик ээсинин өзүнө таандык болгон кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугунан ажыратпайт.

4. Келишим боюнча келип чыккан сервитут аныкталбаган мөөнөткө же келишимде каралган мөөнөткө белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [23310-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-23310)  
Кийинки берене: [23312-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-23312)
