# 2331-статья. Жерге болгон менчик укугу жөнүндө жалпы жоболор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205271)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.03.2014 [Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205271); 12.05.2009 [Закон КР от 12 мая 2009 года № 155 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203149)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263333..1263334>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2331>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-2331.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 2331-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2331

---

Жер участогу менчиктин мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка формаларында болушу мүмкүн. Жайыттар жеке менчикте болушу мүмкүн эмес. Жер участогу менчигинде болгон адам тиешелүү жерлер мыйзамдын негизинде жүгүртүүдөн алынбаса же жүгүртүүсү чектелбесе, аны сатууга, белекке берүүгө күрөөгө коюуга же ижарага берүүгө жана аны башкача ыкма менен тескөөгө (222-статья) укуктуу. Жер участогунун универсалдуу укук мурастоо тартибинде башка бирөөгө өтүшү Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген чектөөлөр менен жүргүзүлөт. Жер участогуна болгон укук акысыз же акы алуу менен алынышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында аларды башка максаттарда пайдаланууга жол берилбей турган же аны пайдалануу чектелген айыл чарба же башка багыттагы жерлер аныкталат. Мына ушундай жерлерге таандык кылынган жер участокторун пайдалануу анын багытында аныкталган чектерде жүзөгө ашырылышы мүмкүн. (КР 2009-жылдын 12-майындагы № 155, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык

---

Мурунку берене: [244-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-244)  
Кийинки берене: [2332-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-2332)
