# 231-статья. Оперативдүү башкаруу укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205271)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263333..1263334>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-231>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-231.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 231-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-231

---

1. Эгерде мүлк мекемеге оперативдүү башкаруу укугунда берилсе, анда өзүнө бекитилген мүлккө карата мыйзамда белгиленген чектерде, өзүнүн ишинин максатына, менчик ээсинин тапшырмасына жана мүлктүн багытталышына ылайык ээлөө, пайдалануу жана башкаруу укуктарын ишке ашырат.

2. Мекемеге оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген мүлктүн менчик ээси ашыкча, пайдаланылбаган же болбосо багытына жараша пайдаланылбаган мүлктү алып коюуга жана аны өз билгениндей башкарууга укуктуу.

3. Мекеме өзүнө бекитилген мүлктү жана ага смета боюнча бөлүнүп берилген каражаттын эсебинен сатылып алынган мүлктү, ошол мүлктүн менчик ээсинин макулдугу боюнча гана ажыратып алууга же башка жол менен тескөөгө укуктуу. Ошол мекеменин кирешесин бөлүштүрүү тартиби анын мүлкүнүн менчик ээси тарабынан аныкталат.

Эгерде уюштуруу документтерине ылайык мекемеге киреше берүүчү иш жүргүзүү укугу берилсе, анда мындай иш жүргүзүүдөн түшкөн киреше жана ошол кирешенин эсебинен сатылып алынган мүлк мекеменин өз алдынча башкаруусуна алынат жана өзүнчө баланстагы эсепте болот.

4. (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [230-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-230)  
Кийинки берене: [232-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-232)
