# 23-статья. Граждандык карым-катнаштагы граждандык укук объектилери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2022 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере виртуальных активов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112417)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.08.2022 [Закон КР от 5 августа 2022 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере виртуальных активов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112417); 14.03.2014 [Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205271); 21.07.1999 [Закон КР от 21 июля 1999 года № 83 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/246)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263356..1263357>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 23-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-23

---

1. Эгерде мыйзамдарга ылайык граждандык укук объектилери граждандык карым-катнаштардан алынып коюлбаса же граждандык карым-катнаштарда чектелбесе, алар эркин түрдө ээликтен ажыратылышы же универсалдуу укуктук жолун жолдоочулук тартибинде (мурастоо, юридикалык жактын кайра уюштурулушу) бир адамдан экинчи адамга өтүшү мүмкүн.

2. Граждандык карым-катнаштарда болушуна жол берилбей турган граждандык укук объектилеринин түрлөрү (карым-катнаштан алынып салынган объектилер) мыйзамда түздөн-түз көрсөтүлүүгө тийиш.

Карым-катнаштын белгилүү катышуучусуна гана таандык болушу мүмкүн болгон же карым-катнашта болушуна атайын уруксат боюнча жол берилүүчү граждандык укук объектилеринин түрлөрү (карым-катнашка жөндөмдүүлүгү чектелген объектилер) мыйзамда белгиленген тартипте аныкталат.

3. Мыйзамдар менен белгиленген учурларды кошпогондо, жеке мүлктүк эмес байлыктар жана укуктар ээликтен ажыратылбайт жана башка ыкмалар менен берилбейт.

4. Жер участоктору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларды жүгүртүүгө жол берилген чектерде ээликтен ажыратылышы же бир адамдан экинчи адамга өтүшү мүмкүн.

5. Виртуалдык активдер түшүнүгү жана анын түрлөрү, ошондой эле виртуалдык активдерди жүгүртүү өзгөчөлүктөрү виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49, 2022-жылдын 5-августундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-24)
