# 228-статья. Менчик ээси болбогон жактардын буюм укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 июля 1999 года № 83 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/246)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263289..1263290>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-228>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-228.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 228-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-228

---

1. Менчик укугу менен катар төмөнкүлөр:

чарбачылык жүргүзүү укугу (230-статъя); оперативдүү башкаруу укугу (231-статья); жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугу (236-статья); башка бирөөнүн кыймылсыз мүлкүн чектелген түрдө пайдалануу укугу (сервитут) (23311-статья); мыйзамда каралган учурларда бул мүлктүн менчик ээси болбогон жактардын мүлкүнө карата дагы башка буюм укуктары болуп эсептелет.

2. Менчик ээси болбогон жак мүлктү ээлөө жана пайдалануу боюнча

ага таандык укуктарды мыйзамда же менчик ээси тарабынан түзүлгөн кели- шимде белгиленген чектерде ишке ашырат.

3. Мыйзамда же келишимде башкача каралбаса, менчик ээси болбогон

мүлктүн ээси бул мүлктү башкарууга жана аны пайдалануудан алынган про- дукцияны, жемишти жана кирешени өзүнүн менчигине айландырууга укуксуз.

4. Мүлккө карата менчик укугунун башка адамга өтүшү бул мүлккө карата башка буюм укуктарынын токтотулушуна негиз болбойт.

5. Менчик ээси болбогон жактын буюм укуктары ар кандай жактын бу-

зушунан ушул Кодекстин 294-статьясында каралган тартипте корголот. (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83 мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [227-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-227)  
Кийинки берене: [229-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-229)
