# 223-статья. Менчик укугунун субъекттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/4)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси 1996-жылдын 8-майындагы № 15 (I-бөлүгү)
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205271)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.03.2014 [Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205271); 12.05.2009 [Закон КР от 12 мая 2009 года № 155 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203149)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/4#diff=1263333..1263334>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-223>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4/edition/1263285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4/st-223.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси, 223-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-223

---

1. Мүлк граждандардын жана юридикалык жактардын, мамлекеттин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде болушу мүмкүн. Менчиктин жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка формалары таанылат.

2. Мүлккө менчик укугуна ээ болуу жана аны токтотуу, аларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана тескөө өзгөчөлүктөрү мүлк граждандын, юридикалык жактын менчигинде, муниципалдык же мамлекеттин менчигинде тургандыгына жараша мыйзам менен гана белгилениши мүмкүн.

Мамлекеттик менчикте гана боло турган мүлктүн түрлөрү мыйзам менен белгиленет.

3. Бардык менчик ээлеринин укуктары бирдей корголот.

(КР 2009-жылдын 12-майындагы № 155, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [222-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-222)  
Кийинки берене: [224-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/4/st-224)
